Бишкектеги мектептерде билим берүү азырынча онлайн режиминде уланууда

Бишкектеги мектептерде билим берүү азырынча онлайн режиминде уланууда.

Шаардык билим берүү башкармалыгы санитардык кызматтардын сунушун кабыл алып,

мектептерди ачпай туруу чечимин кабыл алды. Анын ортосунда, башкармалык билим берүүнү

салттык түрдө баштоого даяр. Ордо калаадагы бардык мектептер жана анын аймагына кирген

аянттар дезинфекцияланды. Эске салсак, 6-октябрдан тартып 2-класстан 6-класска чейинки

окуучулар парталарга кайтып бармак. Бирок, кырдаалга байланыштуу сабактар мурдагыдай эле

аралыктан окутууга калтырылды. Мындай чара 1-класстын окуучуларына да тиешелүү болду.