Кыргызстанда февраль жылуу бооору күтүлүүдө. Синоптиктер кыштын
акыркы айына карата болжолдуу аба-ырайы тууралуу маалымат таратышты.
Анда өлкөнүн түндүгүндө температура -1ден +9га чейин жогорулайт.
Түндө термометр мамычалары -16дан ылдый түшпөйт.
Ал эми түштүк аймактарында +13 градус болушу күтүлөт.
Түнкүсүн -8ге чейин абанын табы түшөт.
Ошондой эле жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.