Кемин районунда 14,5 чакырым изоляцияланган аба чубалгысы тартылып,  857 электр мамысы алмаштырылат

Кемин районунда 14,5 чакырым изоляцияланган аба чубалгысы тартылып,  857 электр мамысы алмаштырылат.

 

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, күз-кыш мезгилине карата даярдоо иштеринин алкагында 73 трансформатор оңдолуп, 368 көмөк чордон жана 42 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.

 

Буга байланыштуу пландык оңдоо иштеринин жүрүшүндө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.