БШК үч округ боюнча мөөнөткө чейинки шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесин жарыялады. Шайлоочулардын аты-жөнү “Тизме” порталында жеткиликтүү.
Баткен округунда 112 миң добуш берүүчү, Ош округунда – 125 миң жана Кара-Суу округунда – 112 миң адам катталган.
Жарандар 12-апрелден 17-апрелге чейин жеке маалыматын текшерип, катачылыктар болсо, аймактык шайлоо комиссиясына кайрылса болот. Эске салсак, Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында кайра шайлоо 28-апрелде өтөт.