Кикбоксчу Адилет Улан уулу Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кикбокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Адилет Улан уулу Бангкок шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Спортчу 60 кг салмак категорияда К-1 дисциплинасында күчүн сыноодо. Алгачкы беттешинде казакстандык балбанды жеңген.

Финалда Өзбекстандык спортчу менен күч сынашат.