Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик компаниясы Кыргызстанда күн электр станциясын курат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, объекттин кубаттуулугу 200 мегаватты түзөт.
Адистер станцияны куруу алдына жер тилкесин Ысык-Көл, Баткен облустарында жана Токтогул ГЭСинин аймагынан караштырып жатат. Аймактарды изилдөө иштери 4 айды талап кылат.
Компания курулушка 180 миллион доллар салым жасоо ниетинде. Курулуш иштери июнда башталат деп пландалууда. Объект 2025-жылы колдонууга берилет.