Өкмөт ишканаларды банкрот деп жарыялоону убактылуу токтотту

Өкмөт ишканаларды банкрот деп жарыялоону убактылуу токтотту. Чечимге биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

 

Документ мамлекеттик органдардын COVID-19га каршы чараларынын түз жана кыйыр таасиринен улам төлөөгө жөндөмсүз болгон ишканаларды колдоого багытталат.

 

Ошондой эле, өкмөт тарабынан ишканаларды колдоо боюнча иш планы бекитилип, салыктык жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын суммасын узартуу же бөлүп төлөө шарты каралып жатат.