Быйылкы жылдын 5 айында бюджеттик жоготуулар 14 миллиард сомду түздү.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
Анын айтымында, салыктар боюнча 6,4 миллиард сом түшпөй калган.
Ал эми бажы төлөмдөрү боюнча 7,7 миллиард сом түшкөн жок.