Кыргызстан калкын каттоого республикалык бюджеттен 600 миллион сом бөлүндү

Кыргызстан калкын каттоого республикалык бюджеттен 600 миллион сом бөлүндү. Биздин радиого Улуттук статистика комитетинин башкы адиси Айзада Тукашова билдиргендей, каражаттын басымдуу бөлүгү каттоо жүргүзүү үчүн тартылган кызматкерлердин айлыгына жумшалат.

 

Андан тышкары, уюлдук операторлордун бири менен келишим түзүлүп, ар бир каттоочуга атайын сим-карталар сатылып алынды. Эске салсак, калкты жана турак-жай фондун каттоо  23-мартта башталып, 1-апрелге чейин созулат.