Шайлоо жана үгүттөө иштерин көзөмөлгө ала турган ыкчам штаб түзүлдү

Шайлоо жана үгүттөө иштерин көзөмөлгө ала турган ыкчам штаб түзүлдү.

“Кабар” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси

Бакыт Сеитовго шилтеме келтирип билдиргендей, штаб ММКлардагы жана

интернетте тараган маалыматтарды карайт. Эгер үгүт иштери учурунда

мыйзам бузуулар катталса, прокуратура менен биргеликте юридикалык баа берилет.

Добуш берүү учурунда коомдук тартипти 11 миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөйт.

Шайлоого жакындаганда кызматкерлер иштин күчөтүлгөн режимине өтөт. Эске салсак,

мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо жана референдум 10-январга белгиленди.