“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү кийинки жылдын жаз айларына жылдырылды

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү кийинки жылдын жаз айларына жылдырылды. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов билдирди.

 

Анын айтымында, экинчи фаза боюнча иштерди ушул жылы аягына чыгаруу пландалып жаткан, бирок эпидемиологиялык абалга байланыштуу мөөнөт жылдырылды. Иштер республикалык штаб чет элдик адистерге өлкөгө кирүүсүнө уруксат бергенден кийин жанданат.