Президент коомдук транспортторду дезинфекциялоону күчөтүүнү тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушуп, эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

 

Кубатбек Боронов акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйгөнү байкалып жатканын белгиледи. Эпидемиологиялык оор кырдаал Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда байкалып жатат. Буга өлкөдөгү экономикалык ишмердиктин жандандырылышы (экономиканын 90%дан ашык тармагы ишин жандандырды), иштеген жарандардын санитардык-гигиеналык талаптарды, беткап режимин толук сактабай жатканы сыяктуу себептерди келтирди.

Кубатбек Бороновдун айтымында симптомсуз вирусту алып жүргөндөрдүн саны өсүп жаткандыгына байланыштуу Республикалык ыкчам штаб аларды аныктоонун жана дарылоонун жаңы алгоритмин иштеп чыгууда.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы күндөрү илдеттин жайылуу коркунучу сакталып тургандыктан, пандемия шартында белгиленген талаптарды, санитардык ченемдерди сактабагандар мыйзам чегинде сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин баса белгиледи:

 

«Мындан аркы кырдаалдын өзгөрүшү ар бир мекендештин жоопкерчилиги менен жарандардын аң-сезимдүүлүгүнөн көз каранды. Ошону менен бирге эл көп чогулган жайларды жана коомдук транспортторду дезинфекциялоо боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгына көңүл бурууга чакырам».

 

Мамлекет башчысы ошондой эле медиктерди, ички иштер органдарынын кызматкерлерин, илдет менен күрөшүүгө тартылгандарды өз маалында айлык акылары жана башка тиешелүү кошумча төлөмдөр менен камсыз кылуу зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи.