Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык жүрүүдө. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, ыкчам кызматтагы чакырыкка 3 миңден ашык адам, альтернативалык кызматка 8 миң киши тартылат.
Аскер кызматын өтөп бүткөндөр аскер запасына кетирилип, кезектеги жоокерлерди кабыл алуу башталат. Жазгы чакырык марттан май айларына чейин созулат. Аскерге 18 жашка толгон эр-азаматтар, кызмат өтөөдөн бошотула албагандар алынат.