ӨКМдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусуна барып, Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте абалды жеке көзөмөлүнө алууда.

 

ӨКМ билдиргендей, министр кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эвакуацияланган тургундардан кабар алып, калкты коопсуз жайларга жайгаштырууда жана аларды тамак-аш менен камсыздоодо, гуманитардык жардамдарды жеткирүүдө, медициналык кызматтардын кечиктирилгис иштерди ыкчам аткаруусун көзөмөлгө алууда.

 

Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн тартипке ишке өтүп, даярдыкта турушат.