Кара-Кулжа районундагы мектеп толугу менен күйүп кетти

Кара-Кулжа районундагы мектеп толугу менен күйүп кетти.

Эми окуучулар бош турган үйлөрдө окуусун эртеңден тарта улантат.

Анда окууга ылайык шарттар түзүлмөкчү. Ошондой эле батпагандар

1 чакырым алыстыкта жайгашкан мектепке жөнөтүлөт. Маалым болгондой,

аталган мектепте 108 окуучу билим алып, 24 мугалим эмгектенип келген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, билим берүү

мекемесинин 500 чарчы метри толугу менен күйгөн. Тилсиз жоо түндө

катталгандыктан жабыр тарткандар жок. Учурда кырсыктын себеби такталууда.