Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат

Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, өзгөчө коомдук транспорттун ичинде этият болуу керек.

 

Соңку күндөрү маршруттук таксилерде жана автобустарда жеке буюмдарды  уурдоо фактылары көбөйүүдө. Милициядан белгилешкендей, телефон, капчык жана башка баалуу бумдарды сырткы чөнтөктөргө салбаш керек.