Кочкордо жер титиреди

Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду.

Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады.

Жер титирөө кечээ, 4-февралда, катталган.

Жердин силкинүүсү Кочкор районунун Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарында 2,5 балл, Кочкор айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.