“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында камераларды орнотуу жазында башталат

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында камераларды орнотуу жазында башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 

Учурда аткаруучу компания уруксаат берүүчү документтерди тиешелүү органдардан алып жатат. Долбоор күзгө чейин ишке ашырылат. Эске салсак, экинчи этаптын алкагында камералар Бишкек, Ош шаарларында, 15 райондук, облустук жана 73 калк жашаган түйүндөрдө пайда болот.