Казакстандагы жол кырсыкта Кыргызстандын төрт жараны каза болду.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ,
Актөбе облусунун «Самара – Шымкент» трассасында унаа жол кырсыгына кабылды.
Анда бара жаткан 4 кыргыз жараны каза тапты. Ошондой эле дагы 1 адам жабыркап,
ал Ыргыз районунун бейтапканасына жеткирилген.
Учурда Казакстандын укук коргоо органдары сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүүдө.