Чек араны кесип өтүүдө кыргызстандыктар жана чет элдиктер үчүн жаңы алгоритм киргизилди

Чек араны кесип өтүүдө кыргызстандыктар жана чет элдиктер үчүн жаңы алгоритм киргизилди. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, бул коронавирустун жаңы штаммын өлкө аймагына киргизбөө үчүн көрүлгөн чара.

 

Алсак, эми каттамга катталууда ар бир жүргүнчү ПЦР тесттин таза жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таралытып, аларды жүргүнчүлөр толтуруп, санитардык-карантиндик түйүндүн кызматкерлерине көрсөтүшү талап кылынат.

 

Учактын ичинде бет кап режими сакталып, антисептиктер колдонулат. Жаңы эрежелер 23-январдан тарта киргизилет.