Түркмөнстандын президенти Москвада өтө турган парадга катышпайт

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына Москвада өтө турган парадга барбай турган болду. Бердымухамедов өз чечими тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путинге телефондон кабарлады.

 

Аркадаг өз чечимин 29-июнда 63 жашка толуп Мухаммед пайгамбардын жашына чыгарын, түркмөндөр үчүн бул күндү жакындары менен өткөрүү маанилүү экендиги менен түшүндүргөн. Эки жумалык обочолонуу режиминде жаткандыктан Орусияга баруу мүмкүн эместигин айткан.

 

Бердымухамедов парадга катыша албай калганы үчүн өкүнөрүн билдирип, Москвада өтчү салтанатка Түркмөнстандын коргоо министри Бегенч Гундогдыев башында турган өкмөттүк делегация бара турганын кошумчалаган.

 

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да өлкөсүндө коронавирус күчөп жатканынан улам парадга катыша албасын билдирген.

Катта Пашинян Путин менен жакын арада “союздук мамилелер боюнча суроолорду” талкуулоо үчүн жолугушууга үмүт кыларын белгилеген.

Ал эми Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвада өтө турган парадга бара турганы 28-майда белгилүү болгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттык» радиосуна билдирген.