Кореядан кыргызстандык жарандар кайтып келди.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, чартердик каттам аркылуу
Кыргызстандын 3 жараны Алматы шаарынан унаа менен Бишкекке алып келинди.
Бардык жарандар бекитилген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан
өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат. Чет өлкөдөгү мекендештерди
өлкөгө кайтаруу иштери улантылат.