Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду сунуштады.
Бул тууралуу көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркулов коалициянын жыйынында жарыялады.
Белгилеп кетсек, мурдагы премьер-министр
Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген.
Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу
кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Анын кызматтан кетүү арызын бүгүн,
16-июнда президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.