АКШ жана Канададагы кыргызстандыктар өлкөгө медициналык жардам көрсөтүшөт.
Аталган өлкөлөрдөгү элчиликтен билдиришкендей, жардам Республикалык жугуштуу
оорулар ооруканасына, Гансидеги реанимация бөлүмүнө жана №6 үй-бүлөлүк
медицина борборуна берилет. Мындан тышкары, АКШдагы кыргызстандыктар тарабынан
март айынан бери мекенине жалпысынан 40 миң доллардан ашык каражат жиберилди.