Бишкек акырындап кадимки режимге кайтып келүүдө

Бишкекте көтөрүлүштөн 1 киши каза тапты, 590 адам жабыркады. Бул тууралуу бизге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 150 адам ооруканага жаткырылды, учурда он үчөө оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүндө.

 

Бишкек акырындап кадимки режимге кайтып келүүдө. Жогорку Кеңеш имаратында өрт чектөөгө алынды.

 

Көчөгө коммуналдык кызматтар чыгып, коомдук транспорт каттамдарын жандантты. Ыктыярчылар көчөлөрдү таштандыдан, көтөрүлүштүн калдыктарынан тазалоого жардам беришүүдө.