Коронавирус менен күрөшүүгө 61,5 миллион доллар керектелет

Коронавирус менен күрөшүүгө канча каражат керектигин дүйнөлүк саламаттыкты

сактоо уюму жарыялады. РИА новости билдиргендей, алдыдагы 3 айда 61,5 миллион

доллар сарпталат. Аталган сумма өлкөлөрдө эпидемиянын жайылуусун токтотуу

максатында жумшалмакчы. Ал эми каражаттын бир аз бөлүгү изилдөөлөрдү

жүргүзүүгө жана жабдууларга керектелет. Акыркы маалыматтар боюнча

вирустан 500 адам каза таап, 30 миңге жакыны жуктуруп алганы маалым.