Кытай бийлиги коронавирустун жайылышы кайсы айда токтой турганын айтты.
Кытайдын Көзөмөл жана оорунун алдын алуу борборунун алдыңкы эпидемиологу
Цзэн Гуандын айтымында, оорунун инкубациялык мөөнөтү бар. 23-январда
Уханга карантин киргизилген. Эгер ошол убактан тарта эсептелсе 8-февралда
эпидемия төмөндөп башташы керек. Февралдын ортосунда чегине жетет.
Андан кийин төмөндөй баштайт. Ал эми марттын аягында толугу менен токтойт, — деди адис.