Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок.
Бүгүнкүгө карата маалыматты республикалык штабдан беришти.
Учурда республикада COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны 14тү түзөт.
Алар Баткен облусунда 1 адам, Сузак районунда 8 адам, Ноокатта 3өө жана
акыркы катталган 2 учур Бишкекте. Бейтаптар 25тен 80 жашка чейинкилер.
Бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп жатат.
Дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.