Коррупцияга шектелип кармалган Ильич Марсбек уулу жана Амангелди Исаев убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди

Бишкекте Айыл-чарба министринин орун басары кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей,  атайын кызматтын өкүлдөрү ата-мекендик айыл-чарба продукциясын ЕАЭБ мамлекеттерине жеткирүүдөгү коррупция фактыларын аныктоо боюнча ишти улантууда.

 

Тергөөнүн алкагында учурдагы жана мурдагы министрдин орун басарларынын катыштыгы аныкталды.

 

Ильич Марсбек уулу дагы, мурдагы чиновник Амангелди Исаев дагы убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.