Кайгуул милиция кызматын өлкө боюнча ачуу долбоору ишке ашырылбайт.
Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Манас Сыдыгалиев билдирди.
Анын айтымында, кызматтын негизги тапшырмасы – чакырууларга ыкчам таасир берүү. Бирок облустарда 50 чакырым аймакка бир эле экипаж туура келгендиктен, бул идеяны ишке ашыруу мүмкүн эмес. Андыктан, милициянын кайгуул кызматы азырынча Бишкек жана Ошто гана иштейт, — деди Сыдыгалиев.