Токио Олимпиадасынын жаңы датасы белгиленди.
Эл аралык олимпиада комитетинин расмий сайтына жарыяланган
маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин
Олимпиада, 24-августтан 5-сентябрга чейин Паралимпиада оюндары өтөт.
Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам жайкы Олимпиада оюндарын
кийинки жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алынган. Муну менен
тарыхта биринчи ирет ири спорттук иш-чаранын мөөнөтү өзгөрөт.