Конор Макгрегор менен Дональд Серроне беттешинин
билеттери бир күн ичинде толуу менен сатылды. Анын жалпы
суммасы болжол менен 10 миллион долларды түзөт. Беттеш 18-январда
Нью-Йорктун Лас-Вегас шаарында өтөт. Кошумчаласак, Конор Макгрегор
акыркы жолу октагонго 2018-жылы чыгып, россиялык Хабиб Нурмагомедовго
утулуп калган. Ал эми Серроне 2016-жылдан бери
беттештерге жарым орто салмакта катышып келүүдө.