Россиянын футбол курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышпай калышы ыктымал.

Футбол боюнча Россиянын курама командасы 2022-жылы Катарда

боло турган дүйнөлүк чемпионатка катышпай калышы ыктымал.

«Championat.com» басылмасы билдиргендей, Дүйнөлүк антидопинг

агенттигинин аткаруучу комитети тешелүү чечимди кабыл алган.

Анда Россиянын спортчуларына Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка,

эл аралык мелдештерге катышууга 4 жылга тыюу киргизилген.

Бирок бул чаралар футболго таасирин тийгизбей,

Россиянын курамасы чемпионатка катыша ала турганы айтылган болчу.