Кыргызстандыктар таэквондо боюнча эл аралык турнирден 6 медаль менен кайтышты

Кыргызстандыктар таэквондо боюнча эл аралык турнирден 6 медаль менен кайтышты. 24 агенттигине аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиришкендей, мелдештер Алматада өтүп, ага 200дөн ашык спортчу катышты.

 

Биздин өлкө намысын коргоп барган Сырга Русланбекова, Андрей Цой, Софья Замалиева, Абубакир Советбекова капчыкка 2 алтын,   2  күмүш жана 2 коло медаль алып келишти.