Кубатбек Боронов Кыргызстандын премьер-министр милдетин аткаруучу болуп дайындалды

 

 

Кубатбек Боронов Кыргызстандын премьер-министр милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү токтомго президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Өлкө башчы аппаратынан билдиришкендей, буга чейинки премьер Мухаммедкалый Абылгазиев ээлеген кызматынан бошотулду.

 

Ал кечээ өз каалоосу менен отставкага кетти. Ал министрлер кабинетин 2 жыл башкарды.

 

Анын ордуна биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун талапкерлиги жылдырылып, парламенттин көпчүлүк коалициясы тарабынан колдоо тапты.