Садыр Жапаров президент кызматына киришти

Садыр Жапаров президент кызматына киришти. Өлкө башчынын инаугурация салтанаты бүгүн Улуттук филармонияда өттү. Жаңы шайланган президент кыргыз элине ант берди. Садыр Жапаров белгилегендей, ал мамлекетти адилеттүү башкарып, адам укуктарын жана мыйзамды сактайт.

 

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жапаровго президенттин күбөлүгүн жана штандартын тапшырды.