Бишкекке 100 автобус жеткирүү боюнча дагы бир ирет жарыяланган тендерге 3 компания катышууда

Бишкекке 100 автобус жеткирүү боюнча дагы бир ирет жарыяланган тендерге 3 компания катышууда. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Учурда комиссия фирмалардын арыздарын – алардын квалификацияларын жана техникалык мүнөздөмөлөрүн карап жатат. Эске салсак, автобустарды сатып алууга шаар бюджетинен 710 миллион сом каралган.

 

Жаңы коомдук транспорт 70тен кем эмес адамга чакталып, пандустар жана валидаторлорду орнотууга аянтча менен камсыздалышы керек.