Кумтөр кениндеги жарака кеткен аймакта иш жанданды

“Kумтөр Голд Компани” ишканасы кен казылган карьердеги №20 жумушчу аймагында иштер жанданганын маалымдады.

Мекеменин сайтында жер кыртышынын жылышы токтогону, коопсуздук чаралары күчөтүлгөндөн кийин тилкедеги убактылуу токтотулган иштер жанданганы айтылат.

 

Буга чейин компания Кумтөр алтын кенине алыскы аралыктан көзөмөл жүргүзүп туруучу атайын жабдык сатылып алынганын билдирген. 6-июлда «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин президенти Тенгиз Бөлтүрүк Фейсбуктагы баракчасына бул тууралуу видео менен коштолгон пост жарыялаган.

«Жакында эле эң акыркы үлгүдөгү эки радар сатып алдык. Италиялык өндүрүштөн чыгарылган IDS GEO радары беш чакырым алыстыктагы 0,01 ммге чейинки кыймыл боюнча алдын ала маалымат бере алат», — деген.

 

Май айында Кумтөр алтын кенинин “Борбордук” карьеринин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышы тездегени белгилүү болгон. Анын себептерин иликтеп чыгыш үчүн 18-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мекемелер аралык комиссия түзүп, ага геолог, илимий ишмерлерден турган 11 адис кирген. Коопсуздук үчүн ал аймакта иштеп жаткан кызматкерлерди чыгарып кетип, жумуш токтотулган.

Канадалык “Центерра Голд” башкарып келген Кумтөргө кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында тышкы башкаруу киргизген. Кумтөр алтын кени деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте жайгашкан. Андан кен казган “Кумтөр Голд Компаниде” төрт миңден ашуун кызматкер иштейт.