Бишкектин жер алдындагы өтмөктөрү жарыктандырылды.
Мэриянын маалыматында, “Бишкек жарыктандыруу”
муниципалдык ишканасы тарабынан 150 чырак орнотулду.
Алар электр энергиясын мурункуга салыштырмалуу 5 эсе үнөмдөйт.
Ошондой эле электр кубатын таратуучу 2,5 миң метр линия тартылды.
Эми шаардагы Ибраимов, Лев Толстой, Байтик Баатыр,7-апрель,
Чүй, Горький жана Москва көчөлөрүндөгү жер өтмөктөр жарык.
Эгер чырак орнотулбаган же көчөлөр жарыктандырылбаса
ордо калаа тургундары ишкананын авариялык абалды
жөнгө салуу кызматына байланышса болот.