Сауд Арабиялык клуб Криштиану Роналду үчүн 300 миллион евро берүүгө даяр

Сауд Арабиялык клуб “Манчестер Юнайтеддин” форварды Криштиану Роналду үчүн 300 миллион евро берүүгө даяр. Спорт басылмаларынын маалыматына ылайык, трансфер суммасынын 30 миллиону англиялык клубга, 20 миллиону ортомчуларга берилсе, 250 миллион еврону Роналду алат.

 

Бул каражат үчүн ал араб командасында 2 сезон ойношу керек болот.

 

Мындай ири суммадагы акчаны кайсы клуб сунуштап жатканы азырынча такталбайт.