Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев кызматынан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Анын ордуна Таалайбек Өмүралиев дайындалды.
Эске салсак, буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов жана Улуттук коопсуздук боюнча
мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев кызматтан четтетилген.