Кыпргызстандын капчыгына дагы бир байге түштү.
Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарында коло медаль тагынды.
Балбан кыз жарым чейрек финалды 7:5, чейрек финалды 2:3 эсебинде
жыйынтыктап, оюндан чыккан. Бирок анын атаандашы финалга өткөнү үчүн
Жуманазарова коло үчүн байгеге кармашууга мүмкүнчүлүк алды.
Жыйынтыктоочу оюнда ал моголиялык каршылашын 10:1 эсебинде жеңди.
Бул медаль Токиодогу оюнда Кыргызстан үчүн экинчи байге болуп калды.