Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында финалга чыкты.
Биздин балбан жарым чейрек финалды 8:0 эсебинде жыйынтыктап,
чейрек финалда атаандашынын эки далысын тең жерге тийгизди.
Жыйынтыктоочу оюн үчүн күрөштө Тыныбекова украиналык спортчу
менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Эми биздин балбан кыз алтын үчүн эртең таймашат.