Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстан балбандары медаль үчүн күрөшүүнү улантат

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстан балбандары медаль үчүн күрөшүүнү улантат.

Айсулуу Тыныбекова финалда алтын үчүн күрөшөт. Анын атаандашы япониялык Юкако Каваи.

Оюндар Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6да башталат. Эске салсак, кечээ Акжол Махмудов

өлкөгө алгачкы күмүш байгени тартуулады. Андан тышкары, кыз-келиндер арасындагы күрөштөн Мээрим Жуманазарова коло байгеге ээ болду. Учушуну менен азырынча республика эсебинде эки медаль бар.