Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү түйүнүндө адамдардын жана
унаалардын топтолуусу катталган жок. Чек ара кызматынан билдиришкендей, посттон алыс
эмес жерде жол жээгинде жүктүн документтерин, ПЦР-анализинин жыйынтыгын жана
башкаларды күтүп турган 70 жүк ташуучу унаа бар. Учурда мамлекеттик чек аранын
кыргыз-казак тилкесинде абал туруктуу. Эске салсак, бош жүк ташуучу унаалар
Кыргызстандан Казакстанга Кең-Булуң түйүнү аркылуу чыга алат. Ал эми жүк
поезддерин өткөрүү “Кайыңды” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу ишке ашат.