Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча эл аралык рейтингдик мелдештин жарым финалына чыкты

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча эл аралык рейтингдик мелдештин

жарым финалына чыкты. Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтындагы маалыматка караганда,

Жуманазарова турнирге 68 салмакта чейрек финалдан баштап катышууда. Ал алгачкы атаандашы

россиялык балбан кызды жеңип алды. Эске салсак, Түркияда өтүп жаткан грек-рим, эркин жана

кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан

катышууда. Ал 27-февралда Стамбулда жыйынтыкталат.