Кыргызстандык спортчу кыздар Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча эл аралык рейтингдик мелдештин финалына чыкты

Кыргызстандык спортчу кыздар Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча

эл аралык рейтингдик мелдештин финалына чыкты. Жуманазарова турнирге 68 килограмм

салмакта күч сынап жатса, Медет кызы 76 килограмм категориясында күрөшөт. Эске салсак,

Түркияда өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке

Кыргызстандын атынан 17 балбан катышууда. Ал 27-февралда Стамбулда жыйынтыкталат