Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Тилек өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, машинелердин көбү азык-түлүк жана башка товарлар менен жүктөлгөн.
Айрымдары бош эле турат. Ведомстводон белгилешкендей, унаалардын топтолуусу экономикалык ишмердүүлүк активдүү болуп баштаганына жана сезондук суроо-талапка байланыштуу. Жалпысынан, чек арада абал туруктуу. Башка түйүндөрдө кезектер жаралган жок.