Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, мыйзам долбоору Түркия парламенти тарабынан жактырылып, документке президент Режеп Тайип Эрдоган кол койду.

 

Учурда Кыргызстан түрк тараптын ички мамлекеттик процедуралар аягына чыкканы боюнча расмий билдирүүсүн күтүп жатат.

 

Эске салсак, Түркиянын грантынын эсебине оорукана 2017-жылы курулган. Ал 72 орунга чакталган, кайра жандандыруу бөлүмү менен заманбап жабдылган клинина.