Бишкекте акысыз батир алуу үчүн 3,5 миңден ашык адам кезекте турат

Бишкекте акысыз батир алуу үчүн 3,5 миңден ашык адам кезекте турат.

Мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Тынаев билдиргендей,

ордо калаада муниципалдык батирге ээ болуу мүмкүнчүлүгү райондук администрация

аркылуу каттоого турган жакыр жашагандарга берилет. Ошондой эле муниципалитеттин

кызматкерлери жергиликтүү бийликте иштеп тургандыктан кызматтык батир алууга укуктуу.

Мындан тышкары, өзгөчө категорияда балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары турат.

Бул жайлардан тарбияланып чыккандарга үй кезексиз берилиши керек.